Жарыяланган
2025-11-08, 19:25Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Түркиянын "Борбор Азия Инвестмен Холдинг" компаниясы ("Ихлас Холдингдин" туунду компаниясы) Казарман жана Көкөмерен ГЭСтерин куруу тууралуу 10 млрд долларлык инвестициялык келишимге кол койду. Бул тууралуу Turkiye Gazetesi басылмасы жазды.
Кыргызстан тараптан документке энергетика министри Таалайбек Ибраев, ал эми Түркия тараптан "Борбор Азия Инвестмен Холдинг" компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Ахмет Мүджахид Өрен кол койду.
Долбоор боюнча Казарман ГЭСинин кубаттуулугу 912 МВт, ал эми Көкөмерен ГЭСиники 1305 МВт болот. Келишим "куруу-иштетүү-өткөрүп берүү" деген негизде түзүлдү. Ага ылайык "Борбор Азия Инвестмен Холдинг" ГЭСтерди куруп, аны 20 жыл иштетет. Ал эми мамлекет аталган ГЭСтерде өндүрүлгөн электр энергеияны сатып алат. 20 жылдан кийин ГЭСтерди башкаруу Кыргызстанга өткөрүлүп берилет. Долбоордун алкагында компанияга бажы жана салыктык жеңилдиктер берилет.
"Борбор Азия Инвестмен Холдинг" менен жетишилген макулдашууга ылайык компания 5 жыл аралыгында социалдык долбоорлорду ишке ашырарт. Анын ичинде 1000 жетим жана ата-энесинин кароосусуз калган баланы окутуп-кароого ар бири үчүн ай сайын 150 доллардан бөлүп турат. Ошондой Көкөмерен жана Казакрман ГЭСтеринде чыгарылган электр энергиянын 1%ы (жылына 3 млн долларга жакын) жергиликтүү элге акысыз берилет. Кыргызстандын Энергетика министрлигине жана мамлекеттик мекемелерге техникалык инфраструктура жана билим берүү үчүн жыл сайын 3.2 млн долларлык колдоо көрсөтүлүп турат.
Аны менен бирге компания неонатология бөлүмүн куруп, керектүү жабдыктарды алып берет.