Жарыяланган
2025-11-08, 16:35"Манас" аэропортундагы бажыда кол сааттарды мыйзамсыз ташып чыгуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бажы текшерүүсүнөн өтүп жатканда, өлкө жаранынын жанынан декларацияланбаган товарлар – сары металлдан жасалган 46 кол саат табылган.
Товарлар алынып, бардык жагдайлар такталганга чейин буюм далили катары "КММ" кампасына убактылуу сактоочу жайга коюлган.