Akchabarsearch
    Кыргыз балы чет жакка аз жана арзан сатылууда

    Жарыяланган

    2025-23-06, 09:34

    Кыргыз балы чет жакка аз жана арзан сатылууда

    Быйыл төрт айда Кыргызстандын балынын экспорту азайып, баасы да арзандаган. Январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча чет өлкөгө 120.5 тонна бал 40.5 миллион сомго экспорттолгон. Былтыр ушул эле мезгилде 138.7 тонна бал сатылып, анын баасы 65.6 млн сом болгон. 

    Кыргыз балынын килограммынын орточо баасы 473 сомдон 336 сомго чейин түшкөн (доллар менен алганда — $5.29дан $3.86га чейин). Балдын көбү Кытайга, Кувейтке жана Жапонияга жөнөтүлгөн. 

    Жапония менен Сауд Арабия Кыргызстандын балын баарынан кымбат баада сатып алган: 1 200 сомдон жана 1 460 сом. Ал эми эң көп Кытайга экспорттолгон. Анын бир килограммынын орточо баасы 247 сомду түзгөн. 


    Тектеш материалды окуу