Akchabarsearch
Кыргызстан экспорттогон жүгөрүнүн дээрлик баары Өзбекстанга сатылды

Жарыяланган

2025-20-10, 16:36

Кыргызстан экспорттогон жүгөрүнүн дээрлик баары Өзбекстанга сатылды

Кыргызстан быйыл сегиз айда чет жакка 19 миң 654 тонна жүгөрү экспорттоду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Ал Өзбекстан, Россия жана Казакстанга экспорттолгон. Чет жакка сатылган жүгөрүнүн баасы 158.75 млн сомду түзгөн. 

Жүгөрүнүн дээрлик баарын эле же 19 миң 612.5 тоннаны Өзбекстан сатып алган (157.99 млн сом). Дагы 39.1 тонна – Россияга (742.5 миң сом) жана 2.4 тонна – Казакстанга (16.8 миң сом) кеткен.

Былтыркы сегиз айга караганда быйылкысында жүгөрүнүн экспорту 2.5 эсе арткан. 


Тектеш материалды окуу