Akchabarsearch
Кытайлык компания Асман шаарынын курулушуна инвестиция салышы мүмкүн

Жарыяланган

2025-20-10, 16:49

Кытайлык компания Асман шаарынын курулушуна инвестиция салышы мүмкүн

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция жана кытайлык China Construction Company Бээжин шаарында кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.

Аталган документ Асман шаарын курууга инвестицияларды жана заманбап технологияларды тартуу максатын көздөйт.

Асман шаарын Ысык-Көлдүн аймагында куруу пландалган. Ал акылдуу, экологиялык жактан таза калаа болот.


Тектеш материалды окуу