Жарыяланган
2025-25-05, 03:25Кыргызстан Камбар-Ата-2 ГЭСи үчүн 50 млн доллар насыя алууну пландап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, насыя Евразиялык өнүктүрүү банкынан 20 жылга 1% менен алынат. Анын ичинен 5 жыл жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат. Аталган банк 50 млн долларды берип жатканда 0,5% же 250 миң доллар комиссия кармап калат.
Бул каражат ГЭСтеги сууну агызуучу курулманы салуу үчүн алынат. Ал ГЭСтин кубаттуулугун көбөйтпөйт. Бирок плотинаны бекемдөөгө жана аны коопсуз иштетүүгө өбөлгө түзөт.