Akchabarsearch
    УКМК Баткенде 8,63 га жер мамлекетке кайтарылганын билдирди

    Жарыяланган

    2025-24-05, 16:13

    УКМК Баткенде 8,63 га жер мамлекетке кайтарылганын билдирди

    Баткен шаарынын Чет-Булак конушундагы мурдагы кыш чыгарган ишкананын жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

    Атайын кызматтын маалыматы боюнча, териштирүү иштери учурунда мурдагы ишкананын 8,63 га жери Т.М. аттуу жаранга жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткени аныкталган. Аталган жаран жерди мамлекетке өз каалоосу менен өткөрүп берген. 

    Учурда мыйзамсыз жол менен жеке менчикке берилип кеткен социалдык объектилерди жана жерлерди мамлекетке кайтаруу бонча иштер уланып жатканы айтылды. 


    Тектеш материалды окуу