Жарыяланган
2025-16-10, 15:08Кыргызстан Казакстанга былтыркыга караганда 8 эсе көп жумуртка сатты. Бул тууралуу Статистика комитетинини маалыматында айтылат.
Маалыматка ылайык, быйыл январь-август айларында Кыргызстандан коңшу өлкөгө 3 млн 283.2 миң даана жумуртка экспорттолгон. Анын баасы 16 млн 344 миң сомду же 187.3 миң долларды түзгөн.
2024-жылдын сегиз айы менен салыштырсак, анда Казакстанга болгону 409 миң даана жумуртка экспорттолгон. Саткандан түшкөн акча да анча көп болгон эмес: 2 млн 280.6 миң сом же 25.5 миң долларды түзгөн. Былтыркы сегиз айга караганда быйылкысында экспорт 8 эсе көп болгон.
Кыргызстан жумуртканы жалгыз Казакстанга экспорттогон.