
Жарыяланган
2025-28-10, 14:38Быйыл январь–сентябрь айларында өлкө ички жана тышкы карызды төлөөгө жалпы 55.53 миллиард сом сарптады. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат.
Анын ичинен 32.9 миллиард сом — тышкы карызга, 22.6 миллиард сом — ички карызга кеткен. Төлөмдөргө негизги карыз жана пайыздар кирет.
Тышкы карыз боюнча 28.4 миллиард сом негизги карыз, 4.4 миллиард сом пайыз төлөнгөн. Ички карыз боюнча 11.9 миллиард сом негизги карыз жана 10.7 миллиард сом пайыз төлөнгөн.
Жалпы төлөмдүн 73%ы негизги карызды жабууга жумшалган. калган каражаттар пайыздарды жана тейлөө чыгымдарын жабууга жумшалган.
Карызды тейлөө бюджеттин эң чоң чыгым бөлүгү бойдон калууда, ал эми ички карыздын үлүшү акырындык менен көбөйүүдө. Мындан тышкары, өлкө мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча пайыздарды тышкы карыздын пайыздарына караганда 2.4 эсе көп төлөп жатат

