Akchabarsearch
Кыргызстандын мамлекеттик карызы дээрлик 239 млн долларга көбөйдү

Жарыяланган

2025-27-10, 14:27

Кыргызстандын мамлекеттик карызы дээрлик 239 млн долларга көбөйдү

Кыргызстандын мамлекеттик карызы (ички жана тышкы бересе) 238.99 млн долларга көбөйдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат.  

2025-жылдын 31-июлуна карата мамлекеттик карыз 8 млрд 407.48 млн долларды түзгөн. Бул акчанын 5 млрд 232.88 млн доллары – тышкы бересе, 3 млрд 174.6 миллиону ички карыз болгон.

Жакында эле Каржы министрлиги мамлекеттик карыз боюнча жаңыланган маалыматтарды жарыялады. Ага ылайык, 31-августка карата Кыргызстандын бересеси 8 млрд 646.47 млн долларды түздү. Аталган сумманын 5 млрд 230.81 млн доллары тышкы бересе болсо, 3 млрд 415.66 млн доллары – ички карыз.

Июль менен августтагы маалыматтардырды салыштырып караганда, тышкы карыз 2.07 млн сомго азайган, ал эми ички карыз 241.06 млн долларга көбөйгөн (мамлекет баалуу кагаздарды чыгарып, карыз тарткан). 


Тектеш материалды окуу