Akchabarsearch
Кыргызстан жыл сайын eurobond боюнча 4.8 млрд сомдон ашык каражат төлөшү керек

Жарыяланган

2025-19-09, 13:34

Кыргызстан жыл сайын eurobond боюнча 4.8 млрд сомдон ашык каражат төлөшү керек

Жакынкы жылдары республикалык бюджеттин тышкы карызды тейлөөгө кеткен чыгымдарынын көбү 2025-жылдын жайында чыгарылган еврооблигацияларга байланыштуу болот. Бюджет долбооруна ылайык, бул баалуу кагаздар боюнча жыл сайын пайыздарды төлөөгө 4.8 млрд сомдон ашык каражат талап кылынат.

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 30-июнуна карата мамлекеттик тышкы карыз 5.24 млрд долларды түзүп, анын 13.3% же 700 млн доллары еврооблигацияларга туура келет.

2026–2028-жылдары еврооблигацияларды тейлөө чыгымдары төмөнкүдөй болот:

  • 2026-жылы — 4.8 млрд сом;
  • 2027-жылы — 4.8 млрд сом;
  • 2028-жылы — 4.9 млрд сом.

Бул жылдары негизги карыз төлөнбөйт, анткени облигациялар 5 жылдык мөөнөткө чыгарылган. Демек, негизги төлөм 2030-жылы жүргүзүлөт.

Эске салсак, Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу еврооблигацияларды 7.75% купондук ставка менен чыгарган.

Бул баалуу кагаздарды Улуу Британиядан, АКШдан, Европадан жана Азиядан 100дөн ашык эл аралык инвесторлор сатып алышкан.
 


Тектеш материалды окуу