
Жарыяланган
2026-08-07, 15:01Кыргызстан 2026-жылдын алгачкы алты айында мамлекеттик карызды тейлөөгө республикалык бюджеттен 41.84 млрд сом бөлдү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, анын 23.76 млрд сому тышкы карызды, ал эми 18.08 млрд сому ички карызды тейлөөгө жумшалган.
Чыгымдардын негизги бөлүгү карыздын негизги суммасын төлөөгө кеткен. Бул багытка жалпы 25.82 млрд сом багытталган. Анын ичинен тышкы карызга — 18.66 млрд сом, ички карызга — 7.17 млрд сом төлөнгөн.
Ал эми кредиторлорго пайыздык төлөмдөр үчүн мамлекет 15.96 млрд сом жумшаган. Анын ичинен ички карыз боюнча пайыздарга 10.92 млрд сом, тышкы карыз боюнча 5.05 млрд сом кеткен.
Мындан тышкары, тышкы карызды тейлөөгө байланыштуу башка төлөмдөргө дагы 60.3 млн сом сарпталган.
Жалпы чыгымдардын 56.8%ы тышкы карызга, ал эми 43.2%ы ички карызга туура келген.
Маалыматка ылайык, тышкы карыз боюнча негизги сумманы төлөө чыгымдары көп болсо, ички карызда пайыздык төлөмдөр басымдуулук кылган.



