Akchabarsearch
    Кыргызстан менен Малайзия бир нече документке кол койду

    Жарыяланган

    2025-25-06, 14:41

    Кыргызстан менен Малайзия бир нече документке кол койду

    Бүгүн, 25-июнда президент Садыр Жапаровдун расмий сапарынын алкагында Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен сүйлөшүүлөрү өтүп, анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди. 

    Жапаров жана Анвар Ибрагим стратегиялык өнөктөштүк багытында кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

    Андан тышкары эки өлкө бир нече документке кол коюлду:

    • Туризм тармагында кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
    • Санариптик трансформация жана киберкоопсуздук жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
    • Жогорку билим берүү тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
    • Саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
    • Жаштар саясаты жаатында кызматташтыкты түзүү жөнүндө ноталар менен алмашуу;
    • Дипломаттарды даярдоо жана илимий алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө ноталар менен алмашуу;
    • Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары ортосунда кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жаатында кызматташуу боюнча ниет каттарын алмашуу;
    • Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун жана Малайзиянын Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр институтунун (ISIS) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
    • "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору менен Малайзиянын Тышкы сооданы өнүктүрүү корпорациясынын (MATRADE) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
    • Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Малайзиянын Улуттук соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

    Тектеш материалды окуу