Жарыяланган
2025-25-06, 18:38Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары “Жарнама жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты.
Документке ылайык, билими жок же адистиги боюнча кошумча окубаган адамдардын психологиялык кызматтарын жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда.
Демилгенин автору Илимбек Кубанычбеков түшүндүргөндөй, мыйзам долбоорунун максаты – жарандарды кесипкөй эмес кызматтардан жана мүмкүн болгон зыяндан коргоо.