Akchabarsearch
    УКМК кармап кеткен Токмоктун мэринин ордуна жаңы калаа башчы дайындалды

    Жарыяланган

    2025-25-06, 13:39

    УКМК кармап кеткен Токмоктун мэринин ордуна жаңы калаа башчы дайындалды

    Алтынбек Эргешов президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, Токмок шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койгон. 

    Президенттин дагы бир жарлыгы менен Токмоктун мэри Максат Нусубалиев кызматтан алынган. 24-июнда аны УКМК шаардагы сейил бактын курулуш ишине байланыштуу кармап, кылмыш ишин козгогон. Аны менен бирге дагы эки киши кармалган. 

    Эскерте кетсек, Алтынбек Эргешов Нарын облусунун башчысы болуп 3 жылга жакын иштеди. Ал бул кызматка 2022-жылы июлда дайындалган. 

    Алтынбек Эргешов

    Ал эми Нусубалиев 2023-жылдын май айынан бери мэр болуп иштеп келе жаткан. 


    Тектеш материалды окуу