Akchabarsearch
    Кыргызстан жасалма интеллектти ишке ашырууга даярдык боюнча 99-орунда

    Жарыяланган

    2024-07-11, 12:01

    Кыргызстан жасалма интеллектти ишке ашырууга даярдык боюнча 99-орунда

    Кыргызстан McKinsey&Company тарабынан түзүлгөн жасалма интеллектти ишке ашырууга даярдыгы боюнча өлкөлөрдүн рейтингинде 174 мамлекеттин ичинен 99-орунду ээледи.

    0,43 индекси менен республика Орусиядан (47-орун), Казакстандан (48-орун) жана Армениядан (71-орун) артта калды, бирок Тажикстан (123-орун) жана Өзбекстандан (131-орун) алдыда. Түркмөнстан бул индексте көрсөтүлгөн эмес.

    Рейтингдин лидерлери Сингапур, Дания жана АКШ болду. Эң аз даярдыгы бар өлкөлөр Борбордук Африка Республикасы, Ооганстан жана Түштүк Судан.

    Белгилеп кетсек, рейтинг өлкөлөрдү санариптик инфраструктуранын, адамдык капиталдын, технологиялык инновациялардын жана ЖИ ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон мыйзамдык базанын өнүгүү деңгээли боюнча баалайт.


    Тектеш материалды окуу