Жарыяланган
2024-30-09, 17:51Кыргызстандан Ооганстанга 25-сентябрда жөнөтүлгөн 120 тонна гуманитардык жардам 28-сентябрда жергиликтүү бийликтин кампасына жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жардам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилигинде уюштурулду.
Кыргызстандан буга чейин да аталган өлкөгө азык-түлүк, кийим-кече, балдар үчүн оюнчуктар жана дары-дармектер жеткирилген.



