Akchabarsearch
Кыргызстан Россияга караганда Казакстандан көбүрөөк буудай сатып алды

Жарыяланган

2025-22-10, 14:17

Кыргызстан Россияга караганда Казакстандан көбүрөөк буудай сатып алды

Кыргызстан быйыл январь-август айларында чет жактан 206.5 миң тонна буудай импорттоду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Кыргызстан буудайды Казакстан, Россия, Армения жана Канададан импорттоп, анын баасы 3 млрд 758.7 млн сом болгон.

Буудайдын көбү же 143.2 миң тоннасы Казакстандан ташып келинген (2.58 млрд сом). 2024-жылдын сегиз айына караганда импорт 7.6 эсе көбөйгөн. Былтыркысында 18.7 миң тонна сатып алынган.

Ал эми Россиядан 60.5 миң тоннадай буудай келген (1.12 млрд сом). Былтыркы сегиз айда 220.88 миң тонна импорттолгон болчу. Импорт 3.6 эсе азайган.

Дагы 2.79 тоннадан ашык буудай Армениядан (48.5 млн сом) жана 300 килограммдай Канададан ташып келинген (25.9 миң сом).  


Тектеш материалды окуу