Akchabarsearch
Кыргызстандагы дагы эки банк Европа Биримдигинин санкциясына туш болду

Жарыяланган

2025-24-10, 10:28

Кыргызстандагы дагы эки банк Европа Биримдигинин санкциясына туш болду

Европа Биримдиги Россияга каршы санкциялардын 19-пакет кабыл алып, санкцияга бир нече өлкөдөгү финансылык мекемелер, компаниялар, анын ичинде Кыргызстандагы эки банк кабылды. 

Санкцияга Кыргызстандагы “Толубай” банкы жана “Евразия сактык банкы” туш болду. Маалыматта алар Россияга төлөм кызматын көрсөткөнү айтылат.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандагы “Керемет Банк” менен “Капитал Банк” да санкцияга кабылган. 


Тектеш материалды окуу