Akchabarsearch
50 миң доллар пара талап кылган укук коргоочу кармалды

Жарыяланган

2025-24-10, 17:40

50 миң доллар пара талап кылган укук коргоочу кармалды

Ички иштер органдарында каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн 50 миң доллар опузалаган укук коргоочу Н.Д.М. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тактап айтканда, ал ар кандай мамлекеттик органдарда жабырлануучунун кызыкчылыгын коргоп, ишеним кат менен иш алып барып, КР ИИМдин Тергөө кызматынын кызмат адамдары менен түзүлгөн келишимге таянып, кылмыш иши боюнча соттолуучулардын бирин камактан бошотуу шылтоосу менен аталган сумманы талап кылган. 

2025-жылдын 17-сентябрында ал 20 миң доллар алып жаткан жеринен кармалып, тергөөнүн жыйынтыгында КР Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №23 мекемесине киргизилген.

Учурда тергөөнүн алкагында КР ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкерлеринин аталган фактка тиешеси бар-жокдугу текшерилүүдө.

 


Тектеш материалды окуу