
Жарыяланган
2026-26-01, 16:15Ош облусунда Кара-Суу жана Араван райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн эки тергөөчүсү акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, Нариман айылынын аймактык милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны О.Г.О. 2024-жылдын декабрында алдамчылык фактысы боюнча текшерүүнү токтотуп берем деп жаран К.у.О.дөн 3 миң доллар талап кылган.
Акча талап кылууда Араван райондук ИИБнын тергөөчүсү, милициянын капитаны С.Н.С. ортомчулук кылганы аныкталды.
Тергөөчүлөр 1 миң 600 долларын алып жаткан учурда кармалып, мыйзамга ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.



