
Жарыяланган
2026-13-08, 15:02Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери пара талап кылуу фактысы боюнча кармады. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («Пара талап кылуу») боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 12-августта жарандардын маселесин оң жагына чечип берүү үчүн акча талап кылган факты аныкталган. Тактап айтканда, колдонуудагы конструкцияны бир жер тилкесинен башкасына көчүрүү маселесин чечүү үчүн акча талап кылынган.
Ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен Төө-Моюн айыл аймагынын жооптуу катчысы Г.у.А. кармалган. Ошондой эле кылмышка тиешеси бар деген шек менен айыл аймагынын башчысынын орун басары И.М.А. да кармалган.
Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып, кылмышка тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.



