Akchabarsearch
Нарын шаарында прокуратуранын жаңы имараттары курулууда

Жарыяланган

2025-24-10, 16:49

Нарын шаарында прокуратуранын жаңы имараттары курулууда

Нарын шаарында прокуратуранын жаңы имараттары курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Объекттер “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, имараттар төмөнкү даректерде: райондук прокуратура—А. Молдоев көчөсү, 170/5, шаардык прокуратура—С. Жакыпов көчөсү, 17, облустук прокуратура—Ленин көчөсү, 105де курулуп жатат.

Бүгүнкү күндө:
•    жылуулук тармактарын орнотуу иштери аяктап, электр-техникалык бөлүгү толук аткарылды;
•    фасадды жылуулоо иштери “Сары-Таш” таш плиталары менен жүргүзүлүүдө;
•    чатырдын даярдык даражасы 60% түзөт;
•    сырттагы суу түтүк линиясын төшөө иштери аткарылууда.
 


Тектеш материалды окуу