Akchabarsearch
Нарын шаарында 28.2 млн сомго тротуарлар салынууда

Жарыяланган

2025-18-08, 14:58

Нарын шаарында 28.2 млн сомго тротуарлар салынууда

Нарын шаарында беш көчөнүн тротуарлары оңдолууда. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Оңдоо иштери С. Андабеков, Т. Мамбеталиев, Т. Молдо, С. Тынымсейитова, Молдоев көчөлөрүндө жүргүзүлүүдө. Учурда аталган көчөлөрдө курулуштар, тосмолор алынып, электр мамылары жылдырылууда.

Тротуарларды оңдоого жергиликтүү жана республикалык бюджеттен 28.2 млн сом каралган. 

 


Тектеш материалды окуу