
Жарыяланган
2025-29-09, 14:26Нарын шаарында заманбап спорт комплекси курулуп жатат. Долбоордун баасы 77 млн сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Курулуш иштери 2024-жылы башталган. Анын жалпы аянты 1 миң 118 чарчы метрди түзөт. Спорт комплекси эки бөлүктөн — “А” жана “Б” блокторунан турат.
Ал заманбап талаптарга жооп берип, административдик корпусу жана спорт залы бардык шарттары менен жабдылат.



