
Жарыяланган
2025-08-10, 14:23Сокулук районундагы борбордук стадиондун реконструкциясы жана курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Анын куруу иштери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык, 2024-жылдын декабрь айында башталган.
Стадион 2200 көрүүчүгө ылайыкталып, жалпы аянты 1.5 гектарды түзөт.



