Жарыяланган
2025-14-10, 16:05Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Алга айылында курулуп жаткан 90 орундуу жаңы бала бакча быйыл пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Долбоор республикалык бюджеттен кажыланууда. Объекттин наркы 68 миллион сомду түзөт.
Бала бакчанын жалпы аянты 1867 чарчы метр, эки кабаттан турат.
Объекттин курулушу 2024-жылы башталган.