Akchabarsearch
Нарын шаарында 100 орундуу бала бакчанын курулушу башталды
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2025-13-10, 14:31

Нарын шаарында 100 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

Нарын шаарында “Наристе-Нур” атындагы 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Объекттин наркы 110 миллион сомду түзөт. Анын алкагында, жалпы аянты 1 миң 124.43 чарчы метр болгон эки кабаттуу имарат салынат. Мындан тышкары, ойноо аянтчасы да курулат.

 


Тектеш материалды окуу