
Жарыяланган
2025-24-10, 09:23Бүгүн, 24-октябрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар тармагын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Анын айтымында, жыйынга Binance криптовалюта платформасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао да катышат.
Түз эфир УТРКнын жана башка республикалык телеканалдардын эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт. Ал саат 11:00до башталат.



