Akchabarsearch
    Кыргызстан ШКУга мүчө өлкөлөр менен фитосанитардык багыттагы кызматташтыкты арттырат

    Жарыяланган

    2025-28-07, 09:51

    Кыргызстан ШКУга мүчө өлкөлөр менен фитосанитардык багыттагы кызматташтыкты арттырат

    Кытайдын Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин фитосанитардык (өсүмдүктөрдүн карантини) кызматтарынын жетекчилеринин экинчи кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

    Кеңешмеге Кыргызстандын жана ШКУга мүчө башка өлкөлөрдүн тиешелүү органдарынын өкүлдөрү катышкан. Жыйында айыл чарба продукциясын эл аралык рынокторго жеткирүүнү жеңилдетүү максатында фитосанитардык процедураларды шайкеш келтирүү жана тажрыйба алмашуу, карантиндик зыянкечтерге каршы биргелешип күрөшүү, фитосанитардык абалга мониторинг жүргүзүү жана көзөмөл механизмдерин өнүктүрүү, фитосанитардык сертификаттар боюнча электрондук алмашуу системасын киргизүү, фитосанитардык көзөмөлдө заманбап интеллектуалдык технологияларды колдонуу сыяктуу маселелер талкууланган. 

    Иш-чаранын жыйынтыгында эки тараптуу жолугушуулардын протоколуна кол коюлуп, ШКУга мүчө мамлекеттердин өсүмдүктөрдүн карантини боюнча органдарынын жетекчилеринин биргелешкен билдирүүсү кабыл алынган. 

    Министрлик белгилегендей, Кыргызстандын бул иш-чарага катышуусу өзгөчө мааниге ээ болуп, өлкөнүн айыл чарба продукциясын, айрыкча жашылча-жемиштерин Кытай, Индия, Пакистан, Иран жана башка ШКУга мүчө мамлекеттердин рынокторуна чыгарууга жол ачат. 

    "Мындай жолугушуулар фитосанитардык талаптарды шайкеш келтирүүгө, экспорттук процедураларды жөнөкөйлөтүүгө жана кыргыз экспортчуларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга көмөктөшөт", - деп айтылат маалыматта. 


    Тектеш материалды окуу