Akchabarsearch
Кыргызстан өзү банан өстүрбөсө да, коңшу өлкөлөргө банан сатып жатат

Жарыяланган

2025-16-10, 15:39

Кыргызстан өзү банан өстүрбөсө да, коңшу өлкөлөргө банан сатып жатат

Кыргызстан өзү банан өстүрбөсө да, коңшу өлкөлөргө банан сатып жатат. 

Статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстан быйыл сегиз айда чет жакка 130.7 миң долларга 316.1 тонна банан саткан. 

Анын 294 тоннасын Өзбекстан, дагы 22.1 тоннаны Түркмөнстан сатып алган. Өзбекстанга сатылган банандын жалпы баасы 120.7 миң долларды, Түркмөнстанга сатынгалдыкы 9.9 миң долларды түзгөн. 

Былтыркы сегиз айда Кыргызстандан банан Өзбекстанга гана сатылган: 36.7 миң долларга 64.5 тонна жөнөтүлгөн. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бананды айрым жарандар өздөрү үчүн гана өстүрбөсө, экспортко чыгара тургандай чоң көлөмдө өстүрүлбөйт. Кыргызстандан чет жакка сатылган банандар реэкспорт болгон десе болот. 


Тектеш материалды окуу