Akchabarsearch
Кыргызстан – Өзбекстан калемпирди көп экспорттогон өлкөлөрдүн бири

Жарыяланган

2025-18-04, 15:19

Кыргызстан – Өзбекстан калемпирди көп экспорттогон өлкөлөрдүн бири

Быйыл 2 айда Өзбекстан Кыргызстанга 390.1 тонна калемпир экспорттогон. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика агенттиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, быйыл январь-февраль айында Өзбекстан чет жакка 1.8 млн долларга 2.4 миң тонна калемпир саткан. Экспорт былтыркы жылдын эки айына караганда 1 миң 62 тоннага же 80%га арткан. 

Кыргызстан Өзбекстан калемпирди көп экспорттогон өлкөлөрдүн бири болгон: 

  • Казакстан – 1 488,4 тонна;
  • Кыргызстан – 390,1 тонна;
  • Испания – 242 тонна;
  • Россия – 98,8 тонна;
  • АКШ – 96,4 тонна;
  • Азербайжан – 38,1 тонна;
  • Грузия – 20,7 тонна.

Былтыр коңшу өлкө Кыргызстанга 1 миң 464 тонна калемпир экспорттогон. 


Тектеш материалды окуу