Akchabarsearch
Өзбекстанга барган турист аялдардын басымдуу бөлүгү — кыргызстандыктар

Жарыяланган

2025-28-08, 12:24

Өзбекстанга барган турист аялдардын басымдуу бөлүгү — кыргызстандыктар

Быйыл январь–июль айларында Өзбекстанга келген туристтердин 45.5% аялдар. Алардын ичинен кыргызстандык аялдар эң көп келген туристтердин катарын түздү. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, бул мезгил ичинде өлкөгө 2.9 млн чет элдик аял турист келген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 696.7 миңге же 31.9%га көп.

Кыргызстан рейтингдин биринчи сап башында турат — 959.1 миң аял (33.3%) Өзбекстанга барышкан. Экинчи орунда Казакстан (781.7 миң аял, 27.2%), үчүнчү орунда Тажикстан (5955 миң аял, 20.7%) турат.
 


Тектеш материалды окуу