Akchabarsearch
Өзбекстандан импорттолгон 29 миңге жакын даана көчөт артка кайтарылды

Жарыяланган

2026-27-02, 12:53

Өзбекстандан импорттолгон 29 миңге жакын даана көчөт артка кайтарылды

Өзбекстандан импорттолгон 28 миң 762 жакын даана көчөт кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Кызыл-Кыя автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда Өзбекстандан импорттолуп кирген көчөттөр фитосанитардык көзөмөлдөө учурунда продукциянын таңгагында маркировка жок экендиги аныкталган.

Карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында продукциянын аталышы, чыгарылган өлкө, экспорттоочу өлкө жана реэкспортер өлкө жөнүндө маалыматтарды камтыган маркировкасы болушу керек.

Карантин алдындагы жүктү маркировкасыз алып кирүү Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналат.


Тектеш материалды окуу