
Жарыяланган
2026-17-02, 13:402026-жылдын январь айында Өзбекстанга 950 миң 278 турист келген. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Улуттук статистика комитети маалымдады.
Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 271 миң 600 адамга же 40%га көп.
Өлкөгө келген туристтердин негизги бөлүгүн коңшу мамлекеттер түзгөн. Тактап айтканда, Кыргызстандан 282 миң 798, Тажикстандан 244 миң 373, Казакстандан 207 миң 858 турист барган.
Ошондой эле, Россиядан 69 миң 70, Афганистандан 43 миң 572, Түркмөнстандан 28 миң 150, Кытайдан 25 миң 666, Түркиядан 12 миң 740, Индиядан 6 миң 95 жана Түштүк Кореядан 3 миң 237 турист катталган.



