
Жарыяланган
2025-31-12, 14:44Кыргызстан өзүн өсүмдүк майы менен 56.5%га камсыздайт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, 2022-жылы Кыргызстан өзүн өсүмдүк майы менен 20.2%га камсыздай алган. 2024-жылы ал 50%га жетсе, быйыл 56.5%ды түздү.
2025-жылы өлкөдө май өсүмдүктүктөрүн кайра иштеткен 5 жаңы ишкана ачылды.
Өлкөдө май өсүмдүктөрүн кайра иштеткен 9 ири жана 136 чакан ишкана катталган.



