
Жарыяланган
2025-31-12, 10:46Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы В.Ленин атындагы мектепке 900 окуучу билим ала турган кошумча корпус курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Курулуш иштери былтыр апрелде башталган. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, 107 млн сомго салынды.
Жаңы салынган кошумча корпуста заманбап окуу класстарынан тышкары лаборатория, компьютердик класс, дарыгердин бөлмөсү, ошондой эле кыздар жана балдар үчүн эмгек кабинеттер каралган.
Имараттын жалпы аянты 2 миң 304 чарчы метрди түзөт.



