Akchabarsearch
Оштогу Герейт Шорон мектеби 69 жылдан кийин жаңыдан салынды

Жарыяланган

2025-29-12, 11:13

Оштогу Герейт Шорон мектеби 69 жылдан кийин жаңыдан салынды

Ош облсусунун Ноокат районунда 69 жылдан кийин Герейт Шорон мектеби жаңыдан салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Мектеп республикалык бюджеттен каржыланып, 74 млн сомго курулду. Долбоор боюнча мектепте 550 окуучу билим алат, эки кабаттуу окуу корпусу жана спорт залы бар.

Мындан тышкары лаборатория, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, компьютердик класс, ошондой эле балдар жана кыздар үчүн эмгек класстары каралган.

Имараттын жалпы аянты 1 миң 705 чарчы метрди түзөт.

 

 


Тектеш материалды окуу