Akchabarsearch
Оштун Өзгүр айылында 225 орундуу мектеп салынды

Жарыяланган

2025-23-12, 15:14

Оштун Өзгүр айылында 225 орундуу мектеп салынды

Ош облусунун Өзгүр айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулуп бүттү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Долбоор республикалык бюджеттен 104 миллион сомго каржыланган.

Мектептин аянты 2 миң 99 чарчы метрди түзүп, 3 кабаттуу окуу корпусу, өтмөк галерея жана спорт залы каралган.

 


Тектеш материалды окуу