
Жарыяланган
2025-19-12, 15:34Кара-Суу районунун Кайрагач айылында 275 орунга ылайыкталган жаңы мектеп курулуп бүттү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Долбоор республикалык бюджеттен 105 млн сомго каржыланган.
Мектеп төрт блоктон турат: эки кабаттуу окуу имараты, жыйындар залы жана спорт залы бар. Анын жалпы аянты 2 миң 262 чарчы метрди түзөт.



