Akchabarsearch
Кыргызстанда 278.1 миңден ашык жаран онлайн насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды

Жарыяланган

2026-15-05, 18:23

Кыргызстанда 278.1 миңден ашык жаран онлайн насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-ноябрынан бери 15-майга чейин 278.1 миңден ашык жаран онлайн насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Эске салсак, “бирөө-жарым менин атымдан онлайн насыя албасын” деген жарандар шылуундардан сактануу үчүн өзүнө-өзү насыя алууга тыюу сала алат. Жаран тыюу салууну иштеткенден кийин банктар анын атына насыя бербеши керек. 

Тыюу салууну “Түндүк” тиркемеси аркылуу иштетүүгө болот. 


Тектеш материалды окуу