Жарыяланган
2025-19-09, 15:132025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн арасында айлык маянанын эң жогорку өсүшүн көрсөттү. Өлкөдө орточо номиналдык айлык акы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19.6% га жогорулады.
Орточо айлык 42 миң 20 сомду түздү — бул 481 АКШ долларына барабар. Инфляцияны эске алгандагы реалдуу өсүш 11.5%ды түзгөн, бул дагы ЕАЭБ боюнча эң жогорку көрсөткүч болгон.
Бирок өсүштүн ылдам темпине карабастан, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен эң төмөн орточо айлык акы алган өлкө бойдон калууда.
ЕАЭБ өлкөлөрү боюнча 2025-жылдын январь-июнь айларындагы көрсөткүчтөр:
• Кыргызстан: 481 доллар (номиналдык өсүш +19,6%, реалдуу өсүш +11,5%)
• Россия: 1 110 доллар (+14,5% номиналдык, +4,1% реалдуу)
• Казакстан: 849 доллар (+10,7% номиналдык, +0,3% реалдуу)
• Беларусь: 815 доллар (+18% номиналдык, +11% реалдуу)
• Армения: 753 доллар (+5,6% номиналдык, +2,4% реалдуу)
Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар ЕАЭБдеги эң аз айлык алган калк болсо да, кирешелердин өсүшү боюнча эң жогору бойдон калууда. Бул көрүнүштү, мурдагы төмөн деңгээл (төмөнкү база) менен, ошондой эле бюджеттик сектордогу айлыктардын көтөрүлүшү менен түшүндүрсө болот.