Akchabarsearch
Товар ташууда мыйзам бузгандарга айып пул көбөйтүлдү

Жарыяланган

2026-16-01, 15:31

Товар ташууда мыйзам бузгандарга айып пул көбөйтүлдү

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып кирүү аракеттери үчүн жоопкерчилик чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, айып пулдун өлчөмү жеке жактар үчүн — 10 миң сомдон 20 миң сомго, юридикалык жактар үчүн — 28 миң сомдон 65 миң сомго чейин көбөйтүлдү.

Бул укук бузууларды жыл ичинде кайталагандар үчүн айып пулдардын өлчөмү  жеке жактар үчүн 20 миң сомдон 40 миң сомго чейин, юридикалык жактар үчүн 65 миң сомдон 100 миң сомго чейин жогорулады. Ошондой эле товарларды конфискациялоо каралган.


Тектеш материалды окуу