Жарыяланган
2025-15-03, 11:25Бүгүн Кыргызстанда алгачкы жолу Аталар күнү белгиленип жатат.
Президент Садыр Жапаров буга байланыштуу куттуктоо жолдоп, үй-бүлө институтун чыңдоодо атанын жоопкерчилиги жогорулаган бүгүнкү күнү Аталар күнүн белгилөө учурдун талабы экенин жазды.
Мамлекет башчынын куттуктоосу расмий сайтына жарыяланды.
Эске салсак, Кыргызстанда 15-мартты Аталар күнү катары жыл сайын белгилөө демилгеси былтыр июнда көтөрүлгөн. Тиешелүү мыйзам долбоорун жазган Жогорку Кеңештин депутаттары бул үй-бүлөнү чыңдоого жана үй-бүлөдө эркектин жоопкерчилигин жогорулатууга салым кошорун белгилешкен.