Жарыяланган
2025-18-03, 10:52Май айында кыргызстандыктар 16 күн эс алып, болгону 15 күн иштешет. Анын чинен 1-майдан 11не чейин эс алуу үзгүлтүксүз болот.
Эске салсак, январь айында президент жаңы Эмгек кодексине кол койгон. Ага ылайык, Жаңы жылдык майрамдардан тышкары кыргызстандыктар май айында 1нен 9на чейин расмий эс алат.
Бирок быйыл 10 жана 11-май ишемби жана жекшембиге туура келгендиктен, эс алуу дагы эки күнгө узартылат. Жарандар 12-майда жумушка чыгышы керек.