
Жарыяланган
2026-29-04, 16:24Статистика комитетитин маалыматы боюнча, Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта жашайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоков билдирди.
Байгончоков быйыл 1-июлдан тарта үч жашка чейинки балдарга бериле турган “Бала ырысы” жөлөкпулу боюнча айтып жатып, Статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдө балдар арасындагы жакырчылык 33%ды түзөт турганын айтты.
“Өлкө ичинде ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта жашап жатат”, - деди ал.
Ошондой эле бир жашка чейинки балдардын 75%ы туура жана жетиштүү тамактанбайт.
Ал үч жашка чейинки жеткинчектерге жөлөкпул берүү балдардын жетишсиз тамактануу, алардын өсүшүнүн артта калуусу сыяктуу маселени чечүүгө көмөк болорун билдирди.
Учурда өлкөдө үч жашка чейинки 445 миң бала бар.
Эскерте кетсек, “Бала ырысы” үч жашка чейинки балдардын баарына бай-кедей дебей берилет.



