Akchabarsearch
Кемин районунда 103 млн сомдон ашык мүлк мамлекетке кайтарылды

Жарыяланган

2026-29-04, 17:15

Кемин районунда 103 млн сомдон ашык мүлк мамлекетке кайтарылды

Жалпы наркы 103 млн 243 миң сомду түзгөн турак үй жана 1 гектар жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Кемин районунун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө 2013-жылы Чоң-Кемин жаратылыш паркынын аймагында жайгашкан өндүрүштүк база жана ага тиешелүү жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган объект өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагына киргенине карабастан жеке менчикке өткөрүлгөн. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде мыйзам бузуулар жоюлуп, мүлк толугу менен мамлекетке кайтарылды.


Тектеш материалды окуу