Жарыяланган
2025-11-07, 14:18Кыргызстанда аялдардын саны эркектердикине караганда 76 миңге көп. Бул тууралуу Статиктика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын башына карата өлкөдө калктын саны 7 млн 282 миңди түзгөн. Алардын ичинен 3 млн 697 миңи (50.5%ы) аялдар болсо, эркектердин саны 3 млн 603 миңге (49,5%га) жетет. Башкача айтканда аядардын саны 76 миңге көп.
Бирок балдар көп төрөлгөн аймактарда (Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарында) аялдарга караганда эркектер көп.
2024-жылы Кыргызстанда 140.4 миң бала жарык дүйнөгө келген. Алардын 52%ы уул бала, 48%ы кыз бала болгон.