Жарыяланган
2025-11-07, 17:00Ош облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга тиешеси бар кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, президенттин Ош облусундагы өкүлчүлгүнүн айыл чарба, жер маселелери жана инфраструктураны өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Ш.Б., Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн башкы адиси А.Т., Агрардык өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары М.А. жана коомдук комиссиянын мүчөлөрү О.Б., И.Ю. Ош облусунун «Ачы» тилкесиндеги жерлерди мыйзамсыз сатуу жана бөлүштүрүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурган деп шектелүүдө.
Бул факты боюнча аларга Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренесинин 1-бөлүгү (кызматтык жасалмачылык) жана 339-беренесинин 4-бөлүгү (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Аталган кызмат адамдар шектүү кармалып, тергөө абагына камакка алынган. УКМК аларды прокуратура жана милиция кызматкерлери менен биргеликте кармаган.
Учурда фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.