
Жарыяланган
2026-19-10, 10:10Кыргызстанда өлкөнүн резиденттерине кызмат көрсөткөн чет элдик криптобиржаларды жана криптоалмаштыруучу жайларды милдеттүү түрдө каттоо пландалууда. Бул үчүн 2027-жылдын үчүнчү кварталында мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
Тиешелүү тапшырманы Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев берген. Бул тууралуу 2026-жылдын 29-сентябрындагы №653 токтомго тиркелген иш-чаралар планында айтылат.
Мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү даярдоо Улуттук виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары агенттигине, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына жана Финансылык чалгындоо кызматына тапшырылган.
Өзгөртүүлөр «Виртуалдык активдер жөнүндө» жана «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдарга киргизилет.
Жаңы талапка ылайык, Кыргызстандын резиденттерине кызмат көрсөткөн чет элдик криптобиржалар жана криптоалмаштыруучу жайлар өлкөдө каттоодон өтүүгө милдеттүү болот.
Министрлер кабинети бул талап аркылуу Кыргызстандын резиденттерин тейлеген чет элдик криптобиржалардын жана криптоалмаштыруучу жайлардын 40–60%ын каттоого алууну көздөп жатат.



